Кыргызстанда 1-октябрдан тарта “Ата-энелер мектеби” ишке кирет

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта “Ата-энелер мектеби” ишке кирет. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, программа этап менен киргизилет. Ар бир райондо жана шаарда жумушчу долбоор менен бала бакчалар жана мектептер тандап алынат.

 

Аларда бир айда бир жолу ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатуу боюнча сабактар өткөрүлүп турат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, муну менен ата-энелер мугалимдерге балдарга билим берүү процессинде жардам берет.