Кыргызстан мектептеринде окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат

Кыргызстан мектептеринде окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат. 9-майда Акыркы коңгуроо кагылат, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинен. Салтанаттуу иш-чара саат 9да башталып, бардык санитардык жана коопсуздук чаралары сакталат.

 

Эске салсак, быйыл 11-классты 67 миң окуучу аяктайт. Ал эми 9-классты 106 миң бала аяктап жатат.