Бишкекте балаты базары иштеп баштады.
Ал жылдагыдай эле Медеров жана 7-апрель көчөлөр кесилишинде жайгашат, — деп
билдиришти мэриядан. Ордо калаа тургундары андан Тянь-Шань жана тикенектүү
көк арчаларды, туя, пихта жана башка көптөгөн дарактын түрүн таба алышат.
Ийне жалбырактуу бактар тамыры менен сатылууда. Аны майрамдан
кийин сейил бактарга отургузуп койсо болот