Дыйкандарга санитарык-карантиндик посттордон  өтүүгө уруксаат берилди

Дыйкандарга санитарык-карантиндик посттордон  өтүүгө уруксаат берилди.

Бишкек комендатурасынын маалыматында, бүгүнтөн тартып ордо калаанын

аймагында талаа иштерин жүргүзүүчү адамдар жана алардын унаалары

текшерүү постторунан тоскоолдуксуз өтө алышат. Бул үчүн алардын жанында

тиешелүү документтерине кошумча Жергиликтүү бийликтен айдоо аянты бар

экенин тастыктаган маалымдама же айдоо жердин ээси менен ижара тууралуу

келишим кагазы болууга тийиш. Буга чейин бир нече дыйкандар өзгөчө абалга

байланыштуу жазгы талаа иштери кечигип жатканына нааразычылыгын билдиришкен.