Бишкекте бардык санитардык-карантиндик посттор алынат

Бишкекте бардык санитардык-карантиндик посттор алынат.

Алардын ордуна кайгуул кызматы иштейт, — деди ички иштер министри

Кашкар Жунушалиев. Ал эми комендант Алмазбек Орозалиев өткөрмө

кагаздар баары бир талап кылынарын эскертти. Анын айтымында,

бул шаардагы иштеп жаткан унаалардын санын билиш үчүн керек.

Эске салсак,  1-майдан тартып мекемелер үч баскыч менен ишке киришет.

Биринчи этапка өндүрүш, өнөр жайы, курулуш, соода, тейлөө тармагы кирет.

Анда жалпысынан 120 миң жаран жумушка чыгаары белгилүү болду.