Үймө-үй кыдырып текшерүүдө КОВИД-19 35 адамдан аныкталды.
Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев билдиргендей,
Ош шаары жана Ат-Башы районунун 114 аймагында 508 миң адам
текшерүүдөн өттү. Эске салсак, коронавируска карата үймө-үй кыдырып
текшерүү башталаары жана вирустун жугуу жолдоруна эпидемиологиялык
изилдөө жүргүзүлөөрү жарыялаган болчу. Учурда кыргызстанда
746 адам вируска кабылды, 462си айыгып чыкты.