Оренбургдагы мекендештерди өткөрүүгө Казакстан уруксат берди

Оренбургдагы мекендештерди өткөрүүгө Казакстан уруксат берди.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун айтымында,

коңшу өлкө гуманитардык акция катары биздин жарандарга

гана өтүүгө уруксат берип жатат. Ал эми унааларын Россияга

калтырсын деген шарт коюшууда. Учурда жарандардын тизмеси түзүлүүдө.

Эске салсак, Россиядан унаа менен жолго чыгып, Казакстанга кире албай

калган 100дөн ашык кыргызстандык бир айдан бери чек арада кармалып турат.