Ош, Жалал-Абад, Баткен облусундагы май куюучу жайлар башкаруунун автоматташтырылган системасына өтүүгө даяр эмес.
Бул тууралуу өлкөнүн түштүк аймагындагы май куюучу жайлардын өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында,
1 май куюучу жайга аталган системаны орнотуу үчүн 1 миллион сомго жакын каражат сарпталат.
Мындан сырткары өлкөнүн түштүк аймагында башкаруунун автоматташтырылган тутумун орното турган
2 гана ишкана бар. Кошумчаласак, 1-июлдан баштап Кыргызстандагы май куюучу жайлар башкаруунун
автоматташтырылган системасына өтүшү керек. Болбосо Салык кызматы алардын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизет