Таласта «Социалдык келишим» долбоорунун алкагында 10 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттар берилди.
Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, иш-чара Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында өттү.
Каражат алгандар бизнес баштап, жашоо-шартын жакшыртууга аракет кылышы керек.
Белгилеп кетсек, аталган долбоор калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында былтыртан тарта ишке ашырылууда.
2022-жылы 2 миң 800 үй-бүлөгө кайтарымсыз 100 миң сомдон акча берилген.