Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө

Ошто ипотекалык үйлөрдүн курулушу текшерилүүдө. Түштүк калаанын мэриясынан билдиришкендей, атайын түзүлгөн комиссия курулуп жаткан имараттардын бирине барып, иштер менен таанышты.

 

Алсак, коопсуздук техникасы сакталганы жана курулуштун сапаты текшерилди. Ошондой эле, объекттин кире беришинде санитардык нормалардын сакталышына көңүл бурулду. Эске салсак, Ош шаарында муниципалдык программанын алкагында 3 ипотекалык үй курулуп жатат.