Бишкек мэриясы Жаңы жылга карата майрамдык программа даярдады. Муниципалитеттен билдиришкендей, эртеңден тарта ордо калаанын төрт районунда тең шаар тургундарына жарманкелер, элдик сейилдөөлөр жана шоу-программалар уюштурулуп баштайт.
31-декабрда Ала-Тоо аянтында кечки саат 8де майрамдык концерт тартууланат.