Бишкекте базар жана супермаркеттердин айланасындагы көчөлөрдө
кыймылдар чектелет. Комендатурадан түшүндүрүшкөндөй,
санитардык-карантиндик аймак кеңейтилип жатканынан улам,
аталган жерлерде кошумча өтмөрмө-түйүндөр пайда болот.
Адамдардын жана унаалардын топтолуусун милициянын кайгуул
кызматы көзөмөлгө алат. Белгилеп кетсек, көчөгө азык-түлүк,
дары-дармек алганга гана чыкса болот. Ал учурда жанында
паспорт жана маршруттук баракча болушу зарыл.