Бишкекте эртең жылуулук өчүрүлөт.
Калаа мэриясынан билдиришкендей,
4-апрелде жылуулук берүү сезонун соңуна чыгаруу чечимин
ыкчам штаб кабыл алды. Тиешелүү документке жакынкы
сааттарда мэр Азиз Суракмактов кол коет. Эске салсак,
Бишкекте жылуук берүү алгачкы ирет 19-мартта токтотулган.
Бирок 24-мартта аба-ырайын температурасы кескин төмөндөгөнүнө
байланыштуу кайрадан жылуулук бериле баштаган.