Криштиану Роналду 1 миллиард доллар тапкан тарыхтагы алгачкы футболчу болот.
Коронавирус пандемиясынан улам маянасы кыскарганына карабай, ушул
сезондун жыйынтыгы менен португалиялык оюнчунун каражаты финансылык
рекордго жетет. Белгилеп кетсек, миллиард доллар көрсөткүчүнө дүйнөдөгү
3 гана спортчу ээ болгон. Гольф оюнчусу Тайгер Вудс, мушкер
Флойд Мейвезер жана баскетбол спортчусу Майкл Джордан.