Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бишкектеги митингдин катышуучуларын күч менен таркатуудан кийин

3 адам медициналык жардамга муктаж болушту. Саламаттыкты сактоо

министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдиргендей,

жаш кыздын көкүрөгүнө резина ок тийип, кан уюп калган. Бейтаптын

абалын дарыгерлер канааттандыраарлык деп баалашууда.

Бүгүн ал үйүнө чыгарылат. Эске салсак, кечээ ордо калаада өткөн

митинг милиция кызматкерлеринин качыруусу менен жыйынтыкталды.

Укук коргоо органдары суу замбиректерин, көздөн жаш агызчу газ колдонушса,

митинг уюштуруучулар аларга таш ыргытышты.

Учурда ордо калаада абал туруктуу, милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.