Ордо калаада бир нече кафе, ресторан, дүкөндөрдүн администрациялары санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн айыпка жыгылышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалдан улам Шаардык санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери күндүз дүкөн, соода борборлорду, ал эми кечкисин жана түндө кафе-ресторандарды кыдырып текшерүүдө.
Бардык жеке жактарга 3000 сомдон айып салынса, юридикалык жактар 13 миң сомдон төлөмөй болушту.