Быйыл былтыркыга салыштырмалуу үйлөнгөндөрдүн жана ажырашкандардын саны аз.
Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин демография бөлүмүнүн башкы адиси Жанаркүл Мааткулова билдирди.
Анын айтымында, Былтыр январь-июль айлар аралыгында 6 миң 486 үй-бүлө ажырашса, быйыл бул мөөнөттө
4 миң 641 жуп эки жолго түшкөн. Ал эми 2019-жылдын январь-июль аралыгында 26 миң 493 бүлө катталса,
ушул жылы 18 миң 976 үй-бүлө никеге турган. Бул карантинге байланыштуу мекеме
3 айга жакын жарандык абалдын актыларын каттоо жүргүзбөгөнүнө байланыштуу болду.