Бишкекте батирлерге кайрадан жылуулук бериле баштады

Бишкекте батирлерге кайрадан жылуулук бериле баштады. Тиешелүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду. 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 25-27-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болорун эскерткен.

 

Жылуулук берүү сезону күн жылыганына байланыштуу 19-мартта токтотулган болчу.