Бишкекте быйыл 5 балаты орнотулат.
Мэриядан билдиришкендей, жаңы жылдын башкы символу учурда
Ала-Тоо аянтында тургузулууда. Андан тышкары, дагы 4 балаты
райондук акимиаттардын алдында пайда болот. Кыш сулуусун
жасалгалоо иштери менен жергиликтүү администрация алектенет.
Мэриядан белгилешкендей, ордо калааны жаңы жалыга карата
кооздоо иштери декабрдын ортосуна чейин аяктайт.