Пара алуу фактысы боюнча Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды

Пара алуу фактысы боюнча Бишкек мэриясынын

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды.

Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, У.У.К. транспорт жана коммуникация министринин орун

басарынын милдетин аткарып турган кезде 45 миң доллар опузалаганы аныкталды.

Ал кечээ, 6-декабрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин

орун басары — Уезбаев Улан Калмурзаевич.

Ал 2016-жылы 18-апрелде ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун

буйругу менен транспорт жана коммуникация министринин орун басары кызматынан бошотулган.