Өлкө аймагында оңдоодон өтүп жаткан ооруканалардын жетөөсү жакында иштеп баштайт

Өлкө аймагында оңдоодон өтүп жаткан ооруканалардын жетөөсү жакында иштеп баштайт.

Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, медициналык мекемелерде 1 миң 100дөн ашык орун түзүлөт.

Учурда жаңы ооруканаларды эмерек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.

Жакынкы аралыкта анда бейтаптар кабыл алына баштайт.