Каракол шаарында көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Каракол шаарында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, медициналык мекеменин имараты Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын аймагында жайгашат.

 

Белгиленгендей, долбоорду 2025-жылга аяктоо пландалууда.