Бишкекте препараттардын баасын негизсиз жогорулаткан 3 компанияга иш козголду.
Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында,
ар бир дарыкананын жетекчилиги дары-дармектердин бааларына болгон жөнгө
салуу боюнча милдеттенме алышкан. Эгерде маселе чечилбесе, өкмөт
тарабынан атайын документ кабыл алынып, тиешелүү чаралар көрүлөт.