Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жаңы социалдык объекти пайда болот.
Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, учурда үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору курулууда.
Учурда имараттын дубалы тургузулуп, чатырына түзүмдөр даярдалууда. Иштерге 2 миллион 360 миң
сом багытталат. Каражат чет элдик донор жана жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди.