Бишкекте дагы бир көчө оңдоо иштери үчүн жабылат

Бишкекте дагы бир көчө оңдоо иштери үчүн жабылат.

Кеп, Магистраль көчөсүнүн Садырбаевден Кырманга чейинки тилкеси

тууралуу болуп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, эртеңден

тартып жолдун 560 метр жерине асфальт төшөлөт, жумуштар аяктагандан

кийин унаалар өтө турган тилке 8 метрге кеңейет. Аны менен катар

жолдун эки тарабында ирригациялык тармак жана тротуар пайда болот.