Бишкектеги Токтогул көчөсүнүн бир бөлүгү унаалар үчүн жабылды.
Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-августтан 15-сентябрга чейин тилкенин Турусбековдон
Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаалардын кыймылына толук чектөөлөр
киргизилет. Бул, магистралдык тармактарды калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.