Бишкекте узундугу 40 чакырымды түзгөн 32 көчө оңдолууда.
Жолдор быйыл ноябрга чейин пайдаланууга берилет, — дешти мэриядан.
Белгилеп кетсек, «Көчө тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабы
эки жылга эсептелген. Быйыл узундугу 70 чакырымдан ашык 44, кийинки
жылы 16 көчөнү калыбына келтирүү жана 5 көпүрө салуу пландалууда.
Оңдоо иштери кытайлык гранттын эсебинен жүргүзүлүүдө.