Президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигине Афганистандын аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды мекенге тез арада эвакуациялоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигине Афганистандын

аймагында убактылуу жүргөн кыргызстандыктарды мекенге тез арада

эвакуациялоону тапшырды. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей,

муну менен катар Афганистан аймагында убактылуу жүргөн кыргыз жарандары менен

дайыма байланышта болуп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүү

керектиги белгиленди. Эске салсак, “Талибан” кыймылы Кабулга кирип келди.

Акыркы маалымат боюнча, президент Ашраф Гани отставкага кетип,

бийликти тынчтык жолу менен өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.