Бишкекте газ убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин кээ бир аймактарында 6-10-декабрь аралыгында жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» билдирди.

Маалыматка караганда, Курманалиев, 23 көчөсүндөгү жер алдында жайгашкан газ түтүгүн оңдоо иштери аткарылат. Ал 1971-жылы эксплуатацияга берилген.

Буга байланыштуу төмөнкү аймактарда газ жок болот:

 

Красный строитель аймагында, Керамический конушунда, Элебесова, 211 дарегинде жайгашкан кургак учукка каршы шаардык ооруканада;

 

Ала-Арча дарыясы, айланма жол, Курманалиев, Зеленый, Заводской, Киргизский жана Нурек көчөлөрү менен чектешкен аймактарда;

Коллективный, Аул, Новосельский жана Кичи Чүй каналы менен чектешкен аймакта.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурайт.