Бишкекте 4-5-декабрда айыл чарба жарманкеси өтөт.
Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматта жазылгандай, жарманке саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков көчөсү менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.
Жарманкеде айыл чарба жана тамак-аш продукциясын (жумуртка, эт, сүт азыктары, жашылча жана башкалар) ортомчусуз өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатып алууга мүмкүн болот.