Бишкекте июнь айынын биринчи чейреги ысык жана кургак болот

Бишкекте июнь айынын биринчи чейреги ысык жана кургак болот.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, Скандинавия жарым аралынан соккон муздак шамал

учурда Кыргызстан аймагында аба табынын төмөндөшүн шарттады. Бирок жай мезгилинин

биринчи айынан тартып абанын температурасы кайрадан жогорулайт.

Дүйшөмбүдөн баштап күндүз +33-35 градус болсо, түнкүсүн 20 градустан ылдый түшпөйт.

Жаан-чачын да күтүлбөйт. Мындай аба ырайына Иран аймагынан соккон жылуу аба массалары таасир берет.