Бишкекке бүрсүкүнү 13-ноябрда чыныгы кыш келет.
Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүн күндүз абанын табы 15 градуска чейин жогорулайт.
Түнкүсүн да ишенимдүү түрдө + көрсөткүчүндө болот. Бирок эртең бир аз термометр мамычалары төмөндөйт.
Күндүз жаан жаайт. Жумадан тартып түнкүсүн 0 болсо, күндүз +2 градуста кармалат жана кар жаайт.
Дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Бирок түнкүсүн –градуска чейин суук болот.
Күндүз абанын температурасы 0дүн тегерегинде болот.