Кыргызстанда 8-июндан баштап ички аба каттамдар жанданат.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, авиакомпаниялардын иштешине саламаттыкты сактоо министрлиги
тиешелүү көрсөтмөлөрдү берет. Анын негизинде аба жолдорун тейлөө
кызматтары эрежени сактоо менен иштеп баштайт, — деди Боронов.