Бишкекте ири соода түйүндөрү санитардык талаптар боюнча текшерилип жатат

Бишкекте ири соода түйүндөрү санитардык талаптар боюнча текшерилип жатат.

Мэриядан билдиришкендей, рейддин алкагында эки ири соода жайларынын кире беришине фильтр коюлган эмес,

босогого бутту дезинфекциялоо килемчеси жок жана кардарлардын колуна антисептик чачылбай,

дене табы өлчөнбөй эле кирип жатышкан. Ал эми коргонуу каражаттарын сатып алуучулар гана эмес,

кассирлер да тагынышкан эмес. Мындан улам, гипермаркеттердин ээлерине айып салынды.

Муниципалитеттен белгилешкендей, мындай рейддер дагы улантылат.