Франциянын эл аралык операторлору Кыргызстан аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, кеп, Бишкектеги жана Оштогу аба майдандар тууралу болуп жатат.
Учурда франциялык башка компаниялар Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууда.
Мындан тышкары, чет өлкөлүк ишкана Кыргызстанда паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу ниетинде.