Камбоджада жарылуучу заттардын коюлган жерин аныктаган келемиш медаль менен сыйланды

Камбоджада жарылуучу заттардын коюлган жерин аныктаган келемиш медаль менен сыйланды.

Магава аттуу келемиш 141 миң чарчы метр аянтты тинтип, 39 мина жана 28 жарылуучу заттарды

тапкан – дешти The Mirror басылмасынан. Ал мындай жөндөмдүүлүккө алдын ала үйрөтүлгөн.

Келемиштин салмагы 1 килограмм 200 грамм, узундугу 70 сантиметр. Андыктан анын салмагы

жеңил болгондуктан минаны басып алса деле жарылып кетпейт. Белгилеп кетсек, сыйлык

алган бул келемиш дүйнө боюнча иттен кийинки экинчи жаныбар болуп калды.