Бишкек мэриясы борбордук бөлүктөн алына турган маршруттук таксилерди атады

Бишкек мэриясы борбордук бөлүктөн алына турган маршруттук таксилерди атады. Муниципалитеттен 24 агенттигине билдиришкендей, биринчи этапта №100, 104, 130, 137, 152, 169, 170, 195, 202, 203, 216, 224 жана 230-каттам алынат.

 

Аталган маршруттук таксилер жаңы конуштарга жана Бишкектин башка аймактарына которулат.

 

Бул ордо калаага жаңы автобустар жеткирилгенден кийин ишке ашат. Белгилеп кетсек, сынакта кытайлык компания жеңүүчү аталган.

 

Ал буга чейин дагы Бишкекке жаратылыш газы менен жүргөн 60 автобус жеткирген.