Кыргызстанда интернет аркылуу соода кылгандар салык төлөп калышы ыктымал.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев билдиргендей,
ведомство мыйзам долбоорун даярдап жатат. Ага ылайык, интернетте алып-сатууну
жүргүзгөндөр гана эмес, ири компаниялар дагы салык төлөөгө милдеттүү болушат.
Азырынча салыктын алдын ала ставкасы жалпы кирешенин 2 пайызын түзөт.
Алгач онлайн режиминдеги ишкерлерге салык каникулдары берилет. Тиешелүү
документ жакынкы аралыкта Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.
Демилге Экономика министрлиги тарабынан 2019-жылы көтөрүлгөн.