Бишкекте көчөлөрдү дезинфекциялоо уланууда

Бишкекте көчөлөрдү дезинфекциялоо уланууда.

Мэриядан билдиришкендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын

кызматкерлери көчө, тротуар, жер алдындагы жана жер үстүндөгү өтмөктөрдү,

коомдук жайларды санитардык тазалоодон өткөрүп жатат. Учурда ордо калаада

жалпысынан 179 көчө дезинфекцияланды. Мындан тышкары аялдама,

сейил бак, эс алуу жайларында да иштер жүрүп жатат.

Санитардык аралашма тиешелүү дарыгердин көзөмөлүндө колдонулат.