Түркияда жашоого уруксат кагазын узарта албай калган кыргызстандыктарга чара көрүлбөйт

Түркияда жашоого уруксат кагазын узарта албай калган кыргызстандыктарга чара көрүлбөйт. Стамбулдагы башкы консулдуктун маалыматына ылайык, коронавирустан улам виза аркылуу Түркиядан чыгып кете албай калгандарга айып салынбайт.

 

Мындай тартип аталган өлкөдө эпидемиологиялык абал жөнгө салынганча жана үзгүлтүксүз каттамдар калыбына келгенче күчүндө болот.