Москвадан 221 кыргызстандык Ош шаарына алып келинди

Москвадан 221 кыргызстандык Ош шаарына алып келинди.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн тизмеси

кыргыз диаспораларынын жана элчиликтин өкүлдөрү аркылуу түзүлдү.

Ага студенттер, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле

Кыргызстанга кетүүгө олуттуу себеби болгон жарандар кирди.

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу иштери уланууда.