Бүгүн 8 троллейбустук каттамдар жүргүнчүлөрдү ташыйт.
Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кечки саат 10дон баштап «Ала-Тоо» аянтынан – Аламедин-1ге,
Булгаары заводуна, Тунгуч, Асанбай, Жал – Киркомстром кичи райондоруна жана
«Ак-Өргө» конушуна каттамдарды жүргүзүшөт. Бүгүн түнү 8 автобус жана 700гө жакын
маршруттук такси иштейт. Ал эми 1-январдан тарта 74 троллейбус эртең мененки
саат 8ден кечки саат 8ге чейин жүргүнчүлөрдү ташып баштайт.