Өкмөт бардык түшкөн каражаттарды жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү процессинин айкын болушун камсыздайт

Өкмөт бардык түшкөн каражаттарды жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү

процессинин айкын болушун камсыздайт. Биринчи вице-премьер-министр

Кубатбек Боронов билдиргендей,  бул үчүн Саматтыкты сактоо министрлиги менен

Социалдык өнүгүү министрлигинин алдында эки эсеп ачылган. Коронавируска каршы

күрөшүү үчүн келген каражаттар  медициналык кызматкерлердин кошумча акысына жана

аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталды. Сарпталбаган акчалар эсепте турат.

Алар ууралып же негизсиз бөлүштүрүлдү деген маалымат чындыкка дал келбейт, — деди Боронов.