Бишкекте көмүрдүн сапатын текшерүүчү лаборатория ачылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык мониторинг департаментинин базасында көмүрдүн сапатын текшерүүчү лаборатория ачылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине министр Мелис Тургунбаев катышып, департаменттин директору Гульзат Жолчубековага компьютерлерди жана принтерлерди тапшырды. Ал эми 12 кызматкер М. Тургунбаевдин колунан көмүрдүн сапатын текшерүүчү жабдуулар менен иштөөгө укук берүүчү (күлдүн, нымдуулуктун, калориялуулуктун, көмүртектин жана күкүрттүн курамын аныктоо үчүн) сертификаттарды алышты.

 

Белгиленгендей, Экологиялык мониторинг департаментинин 1990-жылдан бери иштейт. Бирок, каржылоонун жана адистердин жетишсиздигинен, имаратта оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн эл аралык стандарт боюнча аккредитациялоо процедурасына кайрыла алган эмес.

 

2022-жылы аккредитациялоо талаптарын ишке ашыруу максатында документтер иштелип чыгып, ЭМДнин ишмердүүлүгүнө сапат менеджменти системасы киргизилип, министрликтин алдындагы тармактар аралык окуу борборунда «Үлгү алуу» программасы боюнча 4 адис жана жогорку басымдагы сосудтар менен иштөөдө 3 адис окутулуп, тиешелүү сертификаттарды алышкан. Ошондой эле департаменттин имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Санитардык нормаларга жана эрежелерге жооп берген лабораториялык эмеректер, көмүрдүн сапатын аныктоочу жаңы жабдуулар Жаратылышты өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынып, баланска өткөрүлдү.

 

Бул аракеттер Экологиялык мониторинг департаментине эл аралык стандарттарга туура келген, заманбап лаборатория ачууга мүмкүнчүлүк берди.