Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар бөлүп берет. Каражат насыя катары 38 жылга берилет. Акча өлкөнүн энерго тармагын жакшыртууга багытталат деп пландалууда.

 

Бийлик бөлүштүрүүчү тармактарды жаңыртып, энергия каттоо системасын санариптештирүү ниетинде. Күтүлгөндөй, бул иш-чаралар каржылык көрсөткүчтөрдү жакшыртып, электр энергиясынын жоготууларын азайтууга шарт түзөт.

 

Бул маселени карап чыгып, Жогорку Кеңеш насыя алуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.