Бишкекте кармалган карышкыр колдо багылып келген

Бишкектеги мектептердин биринин жанында кармалган карышкыр колдо багылып келген.

Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мындай жыйынтыкты адистер карышкырдын терисирнин түлөгөнүн көрүп чыгарышты.

Жырткыч жаныбарлар тааныш чөйрөдө болсо жазында түлөп башташат.

Бул анын жылуу жерде кармалганын айтып турат.

Ошондой эле ветеринарлар ага седация жасап, текшерип, к

анын анализге алышты. Эске салсак, ал карышкыр бүгүн

№41 орто мектептин жанында кармалган.