Калкты тейлөө борборлорунун иштөө графигин кезек күтүүлөр көп болуп жаткандыктан 2 саатка узартуу пландалууда. Бул тууралуу Novosti.kgге мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Күтүлгөндөй, республика аймагындагы бардык борборлор саат 8ден кечки 7ге чейин
жарандарга кызмат көрсөтөт. Мекемелер мындай график менен 31-августка чейин иштейт.
Тиешелүү буйрук жакынкы аралыкта жарыяланат. Кошумчаласак, учурда калкты тейлөө
борборлору саат 9дан кечки 6га чейин иштейт. Жалпысынан өлкө боюнча 30га жакын борбор бар.