Кыргызстанда кызылча жана сабиздин баасы бир жылда эки эсе кымбаттады

Кыргызстанда кызылча жана сабиздин баасы бир жылда эки эсе кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кызылчанын орточо баасы 60 сомдон ашты.

 

Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу эки эсе кымбат. Ал эми сабиздин баасы былтыр 20-25 сом болсо, учурда анын бир килограммы 45 сомдон сатылууда.

 

Белгилеп кетсек,   2020-жылдан бери өлкөдө азык-түлүк жана курулуш материалдарынын баасы дээрлик эки эсе кымбаттады.