Бишкекте коомдук транспорт үчүн жаңы каттамдарды ачуу талкууланууда

Бишкекте коомдук транспорт үчүн жаңы каттамдарды ачуу талкууланууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, 30 схемада кыймылды ачуу долбоору иштелип чыкты.

Мэрия аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартында кое берүү ниетинде.

Ошондой эле газ же электроэнергия менен жүрө турган автобустарды сатып

алууга инвесторлорду тартуу пландалууда. Калаа бийлиги муну менен эски

маршруттук унааларды жаңыларга алмаштырып, көчөлөрдөгү

унааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу ниетинде.