Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда жалпысынан узундугу 2,5 чакырымды түзгөн

тилкеге асфальт төшөлүүдө. Иштер Товарная, Кулматов, Шахтер, Бакыбек жана

Жолбаев көчөлөрүндө аткарылууда. Иштерге 10 миллион 398 миң сом жумшалат.

Каражат мамлекеттик бюджеттен берилет.